Blog Image

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Корея Республикасынын Шинхан университетинин делегациясы келди

8-июль күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Түштүк Кореядан Шинхан университетинин делегациясы келди.
Шинхан университеттин делегациясын жогорку окуу жайдын президенти Кан Сунжонг жетектейт. Делегациянын курамы: “Логос” ыктыярчылар тобунун жетекчисинин орун басары Ли Хана, эл аралык иштер факультетинин деканынын орун басары Ли Дэсунг, CIS кооперациялык борборунун директору Им Хэвон, секретары Чон Инкё, котормочу Бибигуль Балтабаева.
Эл аралык алакаларды бекемдөө максатында болуп жаткан бул жолугушуу учурунда И.Арабаев атындагы КМУнун Илимий китепканасында коноктор үчүн корей тилинде жазылган эмгектердин көргөзмөсү тартууланды. Ошондой эле, Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык байланыштар институтунун корей тили бөлүмү менен тааныштыруу болду.