“Ишеналы Арабаев: баа жеткис эмгек, унутулгус өмүр” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция
2022-12-15
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева 14-декабрда Кыргыздын алгачкы агартуучу-илимпозу Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган “Ишеналы Арабаев: баа жеткис эмгек, унутулгус өмүр” аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияга онлайн форматта катышып, сөз сүйлөдү.
Аталган конференцияга университетибиздин Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, т.и.к. Аида Кубатова жана п.и.к. Миргүл Эсенгуловалар катышып, баяндама
жасашты.
Ысык-Көл областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаеванын катышуусунда өткөн бул иш-чаранын максаты
И.Арабаевдин эмгектерин жана алардын маанисин, өмүр жолу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жол салуу, жаш муундарды үндөө болуп саналат.