Blog Image

Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык мааракесинин алкагында агартуучуга арналган эмгектердин бет ачары болду

2022-12-21

Бүгүн, 21-декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети алгачкы агартуучу жана коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өткөрдү.

Салтанатты окуу жайдын ректору, Айгүл Абдраева ачып берди.

Иш чаранын жүрүшүндө Ишеналы Арабаевдин агартуучулук, коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө арналган 5 томдуктун, «Ишеналы Арабаев жана анын доору» («Ишеналы Арабаев и его эпоха»), «Эки доор инсаны – Эшенаалы Арабаев», «Ишеналы Арабаев – Кербен китеп», «Эшенаалы Арабаев жана Тоолуу Кыргыз облусу»  китептеринин презентациясы орун алды. Аталган китептин авторлору сөз сүйлөп, басылып чыккан эмгектердин мазмууну тууралуу кеңири маалымат беришти.

Андан соң Т. Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан тартылган XX кылымдын илимпоз-агартуучусу Ишеналы Арабаевге арналган даректүү-публицистикалык фильмдин бет ачары болуп, көпчүлүккө көрсөтүлдү.

Ошондой эле, келген конокторго акын жана драматург Жалил Садыковдун «Төлгө» спектакли тартууланды.