Искусство жана дизайн факультетинде "Айтматов биздин жүрөгүбүздө" аталышында тегерек стол өттү
22-ноябрда Искусство жана дизайн факультетинин 1-курсунун студенттеринин катышуусунда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган "Айтматов биздин жүрөгүбүздө" аталышында тегерек стол өттү.
Иш-чараны Орус филологиясы факультетинин Орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын ага окутуучусу Гульнара Сыдыгалиева өткөрдү. Анда:
1. Жазуучунун чыгармачылыгы жана чыгармалары боюнча викторина;
2. Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча монолог айтуу конкурсу;
3. "Айтматов бул бүтүн дүйнө" аталышында доклад;
4. Ч. Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү;
5. Дубал газеталар конкурсу уюштурулду.