Blog Image

Искусство жана дизайн факультетинин «Костюм, текстиль технологиясы жана искусствосу» кафедрасында I, II курсунун магистранттарынын жалпы чогулушу болуп өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин «Костюм, текстиль технологиясы жана искусствосу» кафедрасында «Технология жана дизайн» профили боюнча «Технологиялык билим» багыты боюнча I, II курстардын магистранттарынын жалпы чогулушу болуп өттү. Жолугушууда магистранттар илимий-изилдөө практикасынын жобосу жана планы менен таанышышты. Окуу планына ылайык, бул иш-чара II жарым жылдыкка пландаштырылган. Бул багыттагы жалпы илимий жана кесиптик циклдердин окутуучулары менен да консультациялар өткөрүлдү. 2023-2024-окуу жылынын I жарым жылдык жыйынтыгы талкууланды.