Blog Image

Искусство жана дизайн факультетинин окутуучулары "Чыгыш чеберлери" аталышында кыргыз-казак эл аралык симпозиумуна катышып келишти 

5-январда Алматы шаарында "Чыгыш чеберлери" аталышында кыргыз-казак эл аралык симпозиуму өтүп, анда жаңы китептин бет ачары болду. Ал китепте 2023-жылы жайында Кыргызстанда болуп өткөн эл аралык симпозиумдун материалдары кирген. Анда, И.Арабаев атындагы КМУда өткөн "Чыгыш чеберлери" симпозиумунун жүрүшүнөн алынган сүрөттөр, кол өнөрчүлөрдүн,сүрөтчүлөрдүн эмгектери камтылган.
Аталган иш-чара Казакстан Этнодизайнерлер союзу жана Шымкент окуу башкармалыгы менен биргеликте уюштурулуп Казакстан Борбордук мамлекеттик музейинде өткөн. 
Симпозиумдун максаты – кесипкөй сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн, көркөм эмгек, технология, көркөм өнөр мугалимдеринин чыгармачылыгына дем берүү, тажрыйба алмашуу жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо. 
Бул симпозиумга атайын чакыруу менен И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин деканынын орун басары Айзат Мамытова, Евразия дизайнерлер союзунун мүчөсү Айгүл Жолдошева, жаш окутуучу Муратбек кызы Бактыгүл көргөзмөгө, чеберчилик-сабактарга катышып келишти.