Blog Image

Искусство жана дизайн факультетинин окутуучулары Казакстан улуттук дизайн академиясынын академиги аталды

25-ноябрда КРнын Сүрөтчүлөр союзунун “Эмен багы” көргөзмө залында өзгөчө салтанаттуу иш-чара болуп өттү. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын профессору Б.Сыдыков, филос.и.к., доц.м.а. У.Закиров, ага окутуучулары А.Момуналиев, М.Заркунов, Л.Амираева, Р.Мамбетакунов, Н.Ирсалиева, Д.Ибраев, окутуучулар Л.Мажитова, А.Асаналиевалар Евразиялык дизайнерлер Союзу тарабынан уюштурулган көргөзмөлөр жана симпозиумдарга активдүү катышкандыгы үчүн Казакстан улуттук дизайн академиясынын академиги аталып, төш белгиси менен сыйланышты.

Андан сырткары, алардын эмгектери "Караван искусств" китебинде жарык көрдү.