Искусство жана дизайн факультетинин окутуучулары жана студенттери эл аралык музейлер күнүн белгиледи
18-май күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин окутуучулары жана студенттери эл аралык музейлер күнүнө карата М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде көргөзмө жана мастер-класс уюштурду. Иш-чарага доцент У. Закиров, ага окутуучулар Л. Амираева, Н. Ирсалиева, Р. Мамбетакунов жана окутуучулар Л. Мажитова, М. Сабыров, Г. Сабырбеков катышты. Ошондой эле, студенттер тарабынан сүрөт тартуу, сайманын түрлөрү жана тээрини иштетүү боюнча мастер-класстар көрсөтүлдү.