Искусство жана дизайн факультетинин студенти М. Тилебалдыева эл аралык конкурста 1-орунду жеңип алды
12-ноябрда Бишкек шаарында өткөн эл аралык V искусство жана чыгармачылык конкурсунда И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин 2- курсунун студенти Мээрим Тилебалдыева “Аваздык ырдоо” номинациясы боюнча 1-орунду жеңип алды.
М. Тилебалдыеваны конкурска даярдаган жетекчиси, Музыка кафедрасынын окутуучусу Алтынбек Толтоев жана концертмейстери Мыктыбек Дубанаевдерди жалпы жеңиши менен куттуктайбыз!