Blog Image

Искусство жана дизайн факультетинин студенттери квалификациялык иштерин коргошту

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Чөйрө дизайны профилинде квалификациялык ишти коргоо болуп өттү. Анда Д-11-19 тайпасында бүтүрүүчү 10 студент 2022-жылдын октябрь айында бекитилген темалары боюнча  квалификациялык иштерин коргошту. Комиссиянын төрагасы КРнын эл сүрөтчүсү Ишенбек Чаланов жана мүчөлөрү: кафедранын доцентинин милдетин аткаруучу, философия илимдеринин кандидаты  Улукбек Закиров, кафедранын ага окутуучулары, КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү Доктуркул Ибраев, Марат Заркунов жана ага окутуучу Нурдин Молдогазиевдер болду. Студент Нурэлес Акматкулов “Манас” барельефи квалификациялык ишин аткарып, ал чыгарма окуу жайдын 3-корпусунда жайгаштырылды.