Blog Image

Ийгиликтүү бүтүрүүчү менен салтка айланган жолугушуу

Бүгүн чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун лингвистика бөлүмүндө ийгиликтүү бүтүрүүчү менен салтка айланган жолугушуу болуп өттү. 

Неллифар Газиева И.Арабаев атындагы КМУну артыкчылык диплому менен аяктап, эмгек жолун Кыргыз Билим берүү академиясында баштаган, бүгүнкү күндө N3 орто мектебинин директору. 

Чакырылган конок жолугушуунун катышуучуларына өзүнүн иш тажрыйбасы тууралуу баяндап, студенттердин суроолоруна жооп берди. 

Неллифар Газиева менен жолугушуу Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын иш планын ишке ашыруунун алкагында өттү.