Blog Image

«Көчмө бала бакча» долбоору старт алды

Бүгүн, 9-март күнү, Бишкектеги №93 мектепте «Көчмө бала бакча» пилоттук долбоору старт алды. Долбоор түрдүү шарттарга байланыштуу бала бакчага тартылбаган 4 жаштан 7 жашка чейинки балдар үчүн убактылуу билим алууга шарт түзүүгө багытталган.

Анда Ленин районунун Арча-Бешик конушунда жашаган 22 бала мектепке чейин билим алууга тартылган. Аларды И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика факультетинин «Мектепке чейинки билим берүү технологиясы» кафедрасынын мугалимдери 36 саат окутат. Андан соң, аталган окуу жайдын 4-курсунун студенттери практикасын адистер менен биргеликте айкалыштырат. 

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраеванын айтымында өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүү мекемелери жетишсиз. Аны жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан бала бакчаларды куруу тапшырмасы берилген. Бирок жаш жеткинчектер күн сайын өсүп, чоңоюп атат. Мындан улам, биз алардын билим алуудагы фундаментин өз убагында бекемдөөгө аракет кылуубуз зарыл.

 «Көчмө бала бакча» пилоттук долбоору ийгиликтүү аяктаса, алдыда региондорго жайылтуу пландалган.