Blog Image

“Көчмө бала бакча” пилоттук долбоору Арча-Бешик конушундагы  №79 жана №97 орто мектептеринде ачылды

Бүгүн, “Көчмө бала бакча” пилоттук долбоору Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №79 жана №97 орто мектептеринде ачылды. Ага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт иштери боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Педагогика факультетинин деканы Мелис Оңолбаев жана аталган факультеттин координатору Назгүл  Сегизбаева, Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева, окутуучулак курамы жана окуу жайдын практика жетекчиси Нурпаис Баястанов катышты. Долбоордун алкагында аталган конушта жашап, бала бакчага түрдүү себептер менен тартылбаган 6 жаштагы 50гө жакын бала катталган. Бүгүнкү иш чарага келген ата-энелерин долбоордун программасы менен тааныштырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Балдар “Алтын ачкыч” окуу-методикалык комплексинин материалдары колдонулуп, атайын түзүлгөн программанын негизинде 28-марттан 6-майга чейин жумасына 5 күн, 2 сааттан окушат. Аларды окутууга Педагогика факультетинин 4-курсунун студенттери бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, “Көчмө бала бакча” долбоору Кыргыз Республикасынын билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Үстүбүздөгү жылдын 9-мартында Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ленин районунун администрациясы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын колдоосу менен ачылган.