Blog Image

"Көчмө бала бакча" пилоттук долбоору уланууда

 Бүгүн "Көчмө бала бакча" пилоттук долбоорунун старт алганына 4 күн болду. Бул долбоорго катышып жаткан балдарга  И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинин мектепке чейинки билим берүү кафедрасы, атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасы, башталгыч класстарда кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучулары сабак өттү. Сабактар жүгүртмө боюнча оюн түрүндө болууда. Балдар көчмө бала бакчада болгон учурда алардын ата-энелерине бала тарбиялоо боюнча усулдук жардам көрсөтүлүүдө. Анын негизинде мониторинг жүргүзүү үчүн, мугалимдер тарабынан түрдүү суроолор түзүлгөн. Ата-энелер жазуу түрүндө жооп беришти. Долбоор азырынча Бишкектин Арча-Бешик конушундагы №93 мектептин базасында уланууда.