Blog Image

“Көчмө бала бакча” пилоттук долбоору жыйынтыкталды

Бүгүн Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №93 орто мектебинде бала бакчага түрдүү себептер менен тартылбаган балдарды тарбиялоого, өнүктүрүүгө жана окутууга, ошону менен бирге алардын ата-энелери менен иш алып барууга багытталган көчмө бала бакча салтанаттуу түрдө жабылды.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Жанара Дооталиева, Ленин районунун администрация башчысынын орун басары Айзада Жунусова, Педагогика факультетинин деканы, доцент Мелис Оңолбаев, Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын окутуучулары жана студенттер катышты.

Аталган долбоор 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Ал ылайыктуу шарттары бар айыл өкмөттөрдүн жана башка социалдык объектилердин базасында уюштурулган. Анда балдарды өнүктүрүү борборлорунда 6-7 жаштагы балдардын кыска мөөнөткө келүүсүн, алардын өнүгүүсүн жана билим алуусунун моделин сунуштайт. Бул модель инсанга багытталган мамиленин принциптерин ишке ашырууну камсыз кылат.

Көчмө бала бакчада И.Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Назгүл Абдраева баштаган окутуучулар курамы сабак өтүштү. Сабактар жүгүртмө боюнча оюн түрүндө болуп, ата-энелерге да методикалык жардам көрсөтүлдү. Педагогика факультетинин 4-курсунун бүтүрүүчүлөрү окутуучулар курамынын көзөмөлүнүн астында үзгүлтүксүз практиканы көчмө балдар бакчасында ийгиликтүү өтүштү.

“Көчмө бала бакча” пилоттук долбоору ишмердүүлүгүн 1-марттан 22-майга чейин Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №93, 79, 97 орто мектептеринде жүргүздү. Жалпысынан мектепке даярдоодон 5-7 жаштагы 56 бала өттү. Тамга тааныбай келген балдар кыска сөздөрдү окуп, кошуп, кемиткенди үйрөнүп калганы маалымдалды.