Blog Image

"Көчмө бала бакча" пилоттук долбоорунун 2-күнү

9-мартта ачылган көчмө бала бакча пилоттук долбоорунун 2-күнүндө И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинин мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын ага окутуучулары: Б.С.Сатыбекова, С.Б.Джумагуловалар сабак өтүп келишти.

Долбоор ылайыктуу шарттары бар айыл өкмөттөрдүн жана башка социалдык объектилердин базасында уюштурулган балдарды өнүктүрүү борборлорунда 3-5 жаштагы балдардын кыска мөөнөткө келүү, алардын өнүгүүсүн жана билим алуунун моделин сунуштайт. Бул модель инсанга багытталган мамиленин принциптерин ишке ашырууну камсыз кылат.

Программа балдарды өнүктүрүү борборлорунда иштегендерге жана мектепке чейинки билим берүү адистерине багытталган. Сабактар жүгүртмө боюнча оюн түрүндө өтүлүп, балдардын ата-энелерине методикалык жардам берилди.