Blog Image

К.Д.Ушинский атындагы Ярославль мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору И.Арабаев атындагы КМУнун курам жетекчилери менен онлайн-конференция өттү

Бүгүн К.Д.Ушинский атындагы Ярославль мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Михаил Груздев И.Арабаев атындагы КМУнун курам жетекчилери менен онлайн-конференция өттү.
Михаил Вадимович «Биздин үй-бүлөлүк эскерүү китептери» деген Бүткүл россиялык жаштар акциясы жөнүндө айтып берди. Ага биздин студенттер, окутуучулар жана мектеп окуучулары да катыша алышат.
Иш-чаранын максаттары: мектеп окуучуларынын жана студенттердин үй-бүлө тарыхы аркылуу Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына болгон кызыгуусун өнүктүрүү; жаштардын өз өлкөсүнүн тарыхына жеке катышуусу жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу.
Акциянын катышуучулары мектеп окуучулары, студенттер жана мугалимдер болушу мүмкүн.
Акцияга мектеп окуучулары жана студенттер өздөрүнүн туугандарынын Улуу Ата Мекендик согушка, ошондой эле оруктагы эмгектерине байланыштуу үй-бүлөлүк окуяларынан эскерип бөлүшсө болот.
Катышуучулар үй-бүлөлүк архивдерди изилдөөгө, туугандарынын Улуу Ата Мекендик согушка катышуу фактыларын тактоо үчүн ата-энелер жана чоң аталар менен баарлашууга, ошондой эле жалпыга жеткиликтүү электрондук ресурстардан кошумча маалыматтарды изденүүсү абзел.