Blog Image

К.И.Скрябин атындагы КУАУда II илимий-практикалык конференция болуп өттү

Бүгүн К.И.Скрябин атындагы КУАУда профессор Григорий Айказович Баляндын 95 жылдыгына жана К.И.Скрябин атындагы КУАУнун ардактуу профессору Генрих Григорьевич Баляндын 70 жылдыгына арналган II жыйынтыктоочу конференциясы болду.
Ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун ректору Рысбек Нургазиев, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, университеттин илим, эл аралык байланыш жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова жана башка жогорку окуу жайлардын ректорлору жана профессордук-окутуучулар курамы катышты. 
Аталган иш-чарага Кыргызстандагы 11 жогорку окуу жайынын 87 студенти катышып, анда төрт багыт боюнча - айыл-чарба, медицина, техникалык жана гуманитардык илимдер маселелери көтөрүлгөн.  
Болуп өткөн конференцияда окуу жайыбыздын студенти Азиза Абдразакова Гуманитардык илимдер багыты боюнча «Кыргызстандагы корей диаспорасынын тарыхы жана бүгүнкү күндө» деген аталышта баяндамасы мыкты деп табылып, I орунга ээ болду. Бул конференцияда алдыңкы орундарга жеткен катышуучуларга диплом жана акчалай сыйлыктар берилди.