Blog Image

К.И.Скрябин атындагы КУАУда республикалык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “Азыркы учурдагы илимдин инновациялык өнүгүүсүндөгү актуалдуу көйгөлөрдүн абалы” аталышындагы республикалык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция профессор Григорий Айказович Баляндын 95 жылдыгына жана К.И.Скрябин атындагы КУАУнун ардактуу профессору Генрих Григорьевич Баляндын 70 жылдыгына арналды.

Аталган иш-чарага Кыргызстандагы 11 жогорку окуу жайынын 87 студенти катышып, анда төрт багыт боюнча - айыл-чарба, медицина, техникалык жана гуманитардык илимдер маселелери көтөрүлдү.

Конференцияга И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин «КАДАМ» илимий студенттик уюмунун мүчөлөрү, Эл аралык мамилелер багытынын студенттери Мирлан кызы Анаркүл, Азиза Абдразакова, Сейтек кызы Диана жана студенттердин илимий жетекчиси тарых илимдеринин кандидаты Молдокулова Динара Төрөкелдиевна катышты.

Болуп өткөн конференцияда окуу жайыбыздын студенти Азиза Абдразакова  Гуманитардык илимдер багыты боюнча «Кыргызстандагы корей диаспорасынын тарыхы жана бүгүнкү күндө» деген аталышта баяндамасы мыкты деп табылып, I орунга ээ болду. Бул конференцияда алдыңкы орундарга жеткен катышуучуларга диплом жана акчалай сыйлыктар берилди.