К. Иманакунова “Билим берүүдөгү баалоонун түрлөрү” деген темада ачык сабак өттү
И .Арабаев атындагы КМУнун МТМИнин кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты К. Иманакунова “Билим берүүдөгү баалоонун түрлөрү” деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабактын жүрүшүндө балоонун түрлөрү мамлекеттик стандарттын негизинде, илимий-теориялык негизде студенттерге түшүндүрүлдү. Студенттердин угуп-түшүнүү, баарлашуу, кеп ишмердиги жана жазуу сабаттуулугун арттыруу көндүмдөрүн калыптандыруу максатында, заманбап интерактивдүү окутуунун ар түрдүү ыкмалары, түрдүү стилдеги тексттер чыгармачылык менен колдонулду. Жыйынтыгында, теория менен практиканын ортосунда байланыш бекемделип, баалоонун түрлөрү аркылуу студенттер өзүн-өзү баалоого үйрөнүштү.