Blog Image

“Көркөм котормодогу көйгөйлөр” аттуу темада конок-лекция өттү

Мамлекеттик тил жана маданият институтунун “Котормо жана котормо таануу” профилинин бүтүрүүчүсү, улуттук адабиятыбыздын казынасы үчүн көптөгөн чет эл жазуучулары Э.Хемингуэй, М.Твен,О.Генри, Э.По, Х.Лавкрафт ж.б. чыгармаларын түздөн түз кыргыз тилине которгон котормочу Эрмек Шоруков cтуденттерге жана магистранттарга “Көркөм котормодогу көйгөйлөр” аттуу темада конок-лекция өттү. Э.Шоруков котормочулук иштин артыкчылыктары, өзүн өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолдору, котормочу болом деген студенттер үчүн котормо өнөрүнүн мааниси, котормочудан талап кылынган кесиптик сапаттар тууралуу айтып берди. Конок-лекцияга И.Арабаев атындагы КМУнун Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынын башчысы Н.А.Эргешбаева жана кафедра мүчөлөрү катышышты.