Blog Image

Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы көргөзмөгө катышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде өткөн республикалык күзгү сүрөт көргөзмөсүнө катышты. Көргөзмө Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өткөрүлүп, КМУнун искусство жана дизайн факультетинин көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын окутуучусу, профессор Базарбек Сыдыков “Кожомкул” (таштан жасалган скульптура), доценттин милдетин аткаруучу Улуубек Закиров “Тоо пейзажы” (аралаш техника: тушь, линер, акварель), ага окутуучу Доктуркул Ибраев “И.Арабаев” (графика: кагаз, көмүр карандаш) жана “Айылдагы кеч” (живопись, май боёк, таар) аталышындагы чыгармаларын тартуулашты. Ошондой эле, оокутуучу Лайли Амираева “Тарых издери” (кендир, түктүү сайма) аталышындагы эмгегин көргөздү.