Blog Image

Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын студенттери кесиптик - базалык педагогикалык практиканы ийгиликтүү өтөп келишти

И. Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын 3-курсунун студенттери кесиптик - базалык педагогикалык практиканы Бишкек шаарындагы №7 жалпы билим берүүчү орто мектебинде, практика жетекчиси Нургүл Ирсалиеванын жетекчилиги астында өтүп келишти. Практика учурунда студенттер көркөм өнөр сабагынан сабак берип, класс жетекчилик милдеттерди аткарышты. Практиканын алкагында көркөм өнөр сабактарын ар кандай методдор менен өтүүнү, темалар боюнча көргөзмө куралдарды чыгарууну, окуучулар менен бирге  сүрөт тартуу ыкмаларын өздөштүрүп, тажрыйба топтошту. Практиканын акыркы жумасында ачык предметтик жана тарбиялык сабактарды өтүшүп, мектеп администрациясы тарабынан эң жакшы жетишкендикерди көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык кат менен сыйланышты.