«Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси менен Ишеналы Арабаев (каза болгондон кийин) сыйланды
20-февраль күнү «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси менен Арабаев Ишеналы – азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн ата (каза болгондон кийин) сыйланды.
Бул сыйлык КРнын көз карандысыздыгын чыңдоого, анын экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу кубаттуулугун жогорулатууга кыргыз мамлекетинин чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту, улуттар аралык достукту жана ынтымакты сактоого, адилеттүү жарандык коомду түзүүгө олуттуу салым кошкон жарандарга ыйгарылды.