Blog Image

Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Аталар изи”аталышында интеллектуалдык оюн өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, КР Маалымат, мадания, спорт жана жаштар саясаты министирлиги, Жаштар конгресси жана ,Агартуу лигасы» билим берүү долбоорунун иш планынын негизинде  жогорку окуу жайлар арасында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Аталар изи” аталышында интеллектуалдык оюн уюштурулду.  Бул интеллектуалдык оюн 6 баскычтан туруп, анын ичинде Кыргызстандын тарыхы, И. Арабаевдин өмүр баяны жана ишмердүүлүгү, кыргыздын улуттук оюндары,  жашыруун тапшырмалар жана берилген тексти окуп, анын негизинде берилген суроолорго жооп беришти. Эң көп балл топтогон 3 команда жеңүүчү аталды. “Аталар изи”  интеллектуалдык оюндун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аталган командаларга КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Жаштар конгрессинин жана И. Арабаев атындагы ККМУнун мөөрү менен I, II, III даражадагы дипломдор жана белектер ыйгарылды.