Blog Image

«Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын өкүлдөрү Экономика жана менеджмент институтунун студенттерине конок-лекция өттү

Бүгүн, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунун студенттерине «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Таширов Абдил Таширович, ишкерлердин каржы сабаттуулугун жакшыртуу секторунун башчысы Исмаилова Гүлнур Жолдошбековна жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси Калмамбетов Нурбек Байышович конок-лекция өттү.  
Алар аталган мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири баяндап, «Кепилдик фонду» кардарларга каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүгө, кардарлардын каржылоо келишимдери жана макулдашуулары боюнча кепилдиктерди берүүгө, башка кепилдик инструменттери аркылуу каржы-насыялык уюмдардын насыялык тобокелдиктеринин бөлүгүн төмөндөтүүгө багытталган иш экенин баса белгилешти. Буга чейин Экономика жана менеджмент институтунун студенттери окуу жана өндүрүштүк практикаларын аталган мекемеде өтүп келишкен. Мындан улам, лекцияда Абдил Таширов «Кепилдик фонду» ААК кепилдик портфелин көбөйтүүгө, экономика чөйрөсүндөгү ишкер субъекттердин көпчүлүгүн ага камтууга, калайык-калкка бизнести каржылоого жардам берүү үчүн жаңы инструменттерди иштеп чыгууга аракеттенип, калкты иш менен камсыз кылууга, көптөгөн жумуш ордун түзүүгө жол ачып, ишкерликти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, студенттерди келечекте кесипкөй адис болууга чакырды. Уюштуруучулар окуу жайда мындай  конок-лекцияларды байма-бай өткөрүү, келечектеги адистерге кошумча маалымат катары пайдалуу болуп, өзгөчө дем күч берет деген ишенимин билдиришти.