Blog Image

КЭРден келген филологиялык билим берүү багытынын магистранттары кытай тилин окуп жаткан студенттер менен маектешти

11-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары институтунун   “Филологиялык билим берүү” багытынын магистранттары Чен Мей Сен, Ли Хунхао, Лю Имэн, Мао Лань Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасында кытай тилин окуп жаткан студенттер менен таанышуу жана маектешүү кечесин өткөрүштү. Бул жолугушуунун максаты - кыргыз жана кытай студенттеринин ортосундагы байланышты чыңдоо, эки элдин маданияты жана баалуулуктары жөнүндө маалымат берүү. Кытай  менен Кыргызстандын студенттеринин ортосундагы өз ара түшүнүүнү жана байланышты тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.
Жолугушууга Эл аралык билим берүү программалары институтунун директору М. Ш. Субанбекова, эл аралык билим берүү программаларынын жетектөөчү адиси Жанышбек кызы Жаркынай, Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун доценти Н. А. Эргешбаева, кытай тили окутуучусу З. Молдоалиева, кытай тилинин окутуучулары жана студенттер катышты.