Blog Image

КЭРдин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И. Арабаев атындагы КМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин ачылыш аземине катышты

24-апрель күнү И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

КЭРдин Кыргызстандагы Элчиси Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинини Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда Кыргыз-Кытай факультетинин салтанаттуу ачылышына жана жыл сайын 20-апрель күнү белгиленүүчү майрам – Кытай тили күнү майрамынын ардактуу коногу болду.

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Кыргыз-кытай факультетинин салтанаттуу ачылышында “80 жылдык таасирдүү тарыхы бар университетибиз 18 000ден ашуун студент ар түрдүү тармактарда билим алып жаткан классикалык билим берүү мекемеси. Алардын арасында Кытай Эл Республикасынан келген беш жүздөн ашык студенттер жана докторанттар бар”, - деп Ду Дэвэнь айымды жылуу тосуп алды.

Белгилей кетсек, И.Арабаев атындагы КМУ 20 жылдан бери кытай тили боюнча мугалимдерди, тилчилерди, котормочуларды жана кытай тилин билген дипломаттарды даярдап келет.