Blog Image

Кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыктоочу конференция

2022-11-28

Конференцияга факультеттин деканы, доцент Жеңиш Бексултанов, профессордук-окутуучулар жамааты,  методисттер жана студенттер катышышты.

Педагогикалык практиканын координатору Бермет Көчөрбаева презентация  көрсөтʏп, отчет тапшырды. Ар бир профилдин студенттери сабактан  ʏзʏндʏ көрсөтʏштʏ.

Болочок мугалимдерге окуу методикалык чеберчиликтерди ʏйрөтʏʏгө жана таалим тарбия берʏʏгө салым кошкондугу ʏчʏн факультеттин мыкты методисттери грамоталар менен сыйланышты.

Ошондой эле, практиканы жогорку деңгээлде өткөн студенттер да жетекчилик тарабынан грамотага ээ болушту. Практиканын жыйынтыгы менен математика профилинин студенттери 1-орунду, физика профилинин студенттери 2-орунду, информатика профилинин студенттери 3-орунду ээлешти.