Blog Image

Кесиптик-техникалык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин педагогикалык билимдерин жана чеберчилигин жогорулатуу тууралуу Меморандумга кол коюлду

2023-жылдын 6-сентябрында И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Республикалык илимий-методикалык борборунун директору Акпаралы Карабаевди кабыл алды. Жолугушуунун жыйынтыгында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Республикалык илимий-методикалык борборунун ортосунда Меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун алкагында тараптар кесиптик-техникалык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине арналган «Педагогикалык чеберчилик» аталышындагы мамлекеттик программаны ишке ашырууну макулдашышты, анын жыйынтыгы боюнча жетекчилер педагогикалык билимдерин жана чеберчиликтерин жогорулатышат.

Меморандумга кол коюу аземине педагогика кафедрасынын башчысы, профессор Айчүрөк Калдыбаева, профессордун м.а. Миргүл Эсенгулова, Республикалык илимий-методикалык борборунун кесиптик чеберчиликти жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы Койсун Курманалиева катышышты.