"Кимчи" фестивалы уюштурулду
27-апрелде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Тил даярдыгы жана котормо тарабынан корей элинин улуттук тамак-ашынын "Кимчи" фестивалы уюштурулду. Бул фестивалга Кореядан келген коноктор катышты. Кафедра башчысы Н.А.Эргешбаева конокторго ыраазычылык билдирип, бүгүнкү өткөрүлүп жаткан фестиваль студенттердин өз өлкөсүнүн маданиятын баалоого жана окутулуп жаткан өлкөнүн маданиятына толеранттуулук менен мамиле жасоого үйрөтө тургандыгын баса белгиледи. Окутуучу Ким Кук Жин “Кореянын улуттук тамак аштары” деген темада кызыктуу презентация өткөздү. Иш-чаранын жүрүшүндө кореялыктар студенттерге кимчини жасоо ыкмаларын көрсөтүп беришти. Фестивалда корей тилиндеги ырлар аткарылып, конкурс уюштурулуп, студенттерге белектер тапшырылды. МТМИнин директорунун орун басары А.Каныбекова бугунку иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.