Blog Image

“Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашырууда кошкон салымы үчүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 2 окутуучусу алкыш баракчасын алышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Назгүл Абдраева жана ага окутуучу Эльмира Тентиева Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун колунан алкыш баракчасын жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана тажрыйба алмашуу боюнча министринин орун басары Абдулла Нассер Лутадан сертификат алышты. Эске салсак, 2023-жылдын 17-мартында башталган “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” багыты боюнча чоң иштер жасалып, аталган кафедранын окутуучулары жеке ишкер болууну каалаган айымдарга  семинар өтүшкөн.