КМУ 1-июнь – Балдарды коргоо күнүн белгиледи
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 1-июнь – Балдарды коргоо күнүн белгиледи. Иш-чара Бишкек шаарындагы “Синематика” кинотеатрында өткөрүлүп, ага 160дан ашуун бала катышты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында жаңы анимациялык тасма “Лило жана Стич” көрсөтүлдү.
Иш-чаранын максаты: университет ичиндеги социалдык байланышты бекемдөөгө жана кызматкерлердин үй-бүлөлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Иш-чара КМУнун профсоюздук комитети тарабынан уюштурулду.