Blog Image

КМУ 3 күндүн ичинде эл аралык аккредитациядан өтөт

28-30-май күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жогорку кесиптик билим берүү программаларын Кесиптик-социалдык аккредитациялоо улуттук борбору "Билим-стандарт" көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясы менен биргеликте эл аралык аккредитациялоо өткөрөт.

Россия, Казакстан жана Кыргызстандан 44 эл аралык эксперттери бакалаврларды даярдоо боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн 39 программасын (бакалавриаттын 15 багыты); Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү боюнча 11 программа эл аралык аккредитациядан өткөрөт.

Бул күндөрү эксперттер ЖОЖдун жетекчилиги менен, ЭМББЧ (Электрондук маалыматтык-билим берүү чөйрөсү) үчүн жооптуу адамдар менен, бөлүмдөрдүн жетекчилери менен, окутуучулар менен, студенттер менен, бүтүрүүчүлөр менен, кесиптик коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушат.