Blog Image

КМУ 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүүдө

7-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өткөрүүдө.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева окутуучу айымдарды куттуктап, билим берүүгө кошкон салымы үчүн Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.