КМУ 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүүдө
7-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өткөрүүдө.
Айымдардын эмгегине жана тарбиялык иштерине арналган видеоролик көрсөтүлүп, белгилүү артисттер жана студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
И.Арабаев атындагы КМУнун айымдарын куттуктап Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры тарабынан “Акыркы кат” (автор К.Иманалиев, режиссер У.Карыпбаев) спектакли көрсөтүлдү.