Blog Image

КМУ А. Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплекси менен кызматташат

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлектетик университетинин М. Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Гульнара Усенгазиева А. Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин директору Нуритдин Жумалиев менен жолугушту.

Жолугушуу А. Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинде өтүп, ага КМУнун М. Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюлду.

Келишимдин негизинде илимий-практикалык конференциялар, кереге кеңештер, семинарлар жана А. Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин кызматкерлеринин билим деңгээлин жана квалификациясын жогорулатуу үчүн ККББИ тарабынан семинар-тренингдер уюштурулат.