Blog Image

КМУ А.Солженицын атындагы чет өлкөлөрдөгү орус үйүнөн Россиянын алдыңкы гуманитардык басмаларынын китептерин белекке алды

Бүгүн, 15-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде А.Солженицын атындагы чет өлкөлөрдөгү орус үйүнүн Россиянын алдыңкы гуманитардык басмаларынын китептерин университетке белекке берүү салтанаттуу аземи өттү.

Иш-чаранын максаты: Кыргызстандагы маданий алмашууга жана билим берүү ресурстарын өнүктүрүүгө россиялык гуманитардык басылмаларды берүү аркылуу көмөктөшүү, бул элдердин ортосундагы байланышты бекемдеп, орус маданиятын жана билимин жайылтууга өбөлгө түзөт.

Бул иш-чара чет өлкөлөрдөгү орус үйүнүн, Россиянын чет өлкөлөрдөгү мурастар фондунун жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн биргелешкен эл аралык ишмердүүлүгүнүн аркасында өттү.

И.Арабаев атындагы КМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору А.Чалданбаева А.Солженицын атындагы чет өлкөлөрдөгү орус үйүнө Россиянын алдыңкы гуманитардык басмаларынын китептерин белекке тапшыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

А.Солженицын атындагы чет өлкөлөрдөгү орус үйүнүн атынан Россиянын алдыңкы гуманитардык басмаларынын китептерин И.Арабаев атындагы КМУга тапшыруу аземинде Россотрудничествонун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Ф.Зулькарнеев, Россотрудничествонун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн консультанты П.С.Гультяевдер катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына А.Гайдардын "Тимур жана анын командасы" повестинен жана А.Фадеевдин "Жаш гвардия" романынан инсценировкаланган үзүндүлөр "Дзержинкадагы театрынын" аткаруусунда тартууланды.

Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун орус филологиясы факультети тарабынан уюштурулду.