КМУ "Акыл майдан" аталышында интеллектуалдык оюн уюштурду
11- апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУ, Билим берүү жана илим министрлиги, "Ата-Бейит" Улуттук-тарыхый мемориалдык комплекси КРнын Президенттинин "Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Тоң районунун мектеп окуучулары арасында "Акыл майдан" аталышында интеллектуалдык оюн уюштурду. Иш чарага Билим берүү жана илим министринин Адам ресурстары бөлүмүнүн башкы адиси Калия Серкебаева, И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу Кылымбек Кенжеев жана Тоң районунун билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алманбет Апсаматов, ошондой эле, Көк-Мойнок айыл жаштары уюмунун катчысы Чолпонбек Майрамбеков катышты.
I орунду Самыйбек Эркинбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби, II орунду Сагынтай атындагы жалпы билим берүү мектеби, III орунду Жума Жамгырчиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби ээледи. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер тапшырылды.