Blog Image

КМУ Алтай мамлекеттик университети менен кызматташат

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту менен Алтай мамлекеттик университетинин Тарых жана эл аралык мамилелер институтунун ортосунда меморандум кабыл алынды.

Келишимге КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИ директору, т.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корр. Ч.У.Койчуманова жана Алтай мамлекеттик университетинин Тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору, т.и.к., доцент И.И.Назаров кол коюшту.

Келишимдин максаты: илимий, билим берүү жана академиялык мобилдүүлүк, кош дипломдуулук боюнча биргелешкен программа иштеп чыгуу.

Келишимге ылайык, институттун студенттери академиялык мобилдүүлүктүн алкагында алмашуу менен бир семестр билим ала алышат жана окутуучулары тажрыйба алмашуу, конок-лекцияларды өткөрүү боюнча иш алып барышат.

Кош дипломдуулук боюнча биргелешкен программанын алкагында магистранттар эки университетте тең окуп, эки өлкөнүн дипломдоруна ээ болушат.

Ошондой эле, илимий жактан биргелешкен долбоордун үстүндө иштеп, экспедицияларды уюштуруу, анын жыйынтыгы менен илимий китептерди жана макалаларды басып чыгарат.

Бул меморандум эки институттун ортосундагы эл аралык байланышты жакшыртуу, академиялык мобилдүүлүктү жана кош дипломдуулукту өнүктүрүү максатында кабыл алынды.