КМУ Андижан мамлекеттик педагогикалык институту менен кызматташат
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ортосунда онлайн жолугушуу өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз мамлекеттик университети менен Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ортосунда кызматташтык келишими түзүлдү.
Келишимге КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору Бахтиер Расулов кол коюшту.
Жолугушууга КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Р. Зайниев, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Ж. Садыкбек кызы, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалымбекова, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору С. Жумалиев жана Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директорунун орун басары А.Эгембердиева жана МТМИнин Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы А.Каныбекова катышты.
Жолугушууга экинчи тараптан Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун Окуу иштери боюнча проректору У.Мухторов, Илимий иштер жана инновация боюнча проректору Б.Сироджидинов, Филология факультетинин деканы Ш.Хасанов, Кыргыз тили кафедрасынын башчысы М.Темирова жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы М.Собиржонов катышты.
Бул эки тараптуу кызматташтык келишиминин негизинде КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун окутуучулары Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун окутуучулары менен тажрыйба алмашууга, студенттер мобилдүүлүк программасы боюнча билим алууга шарт түзүлөт.