КМУ Asia Hub борбору менен кызматташат
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык коммуникация жана инвестициялар боюнча проректору Гүльназ Жалилова АКШдагы Мичиган мамлекеттик университетинин профессору, Asia Hub борборунун директору доктор Жиагуо Чи жана аталган борбордун улук кеңешчиси, профессор, доктор Стивен Пюпкени кабыл алды.
Жолугушуунун негизги максаты — Asia Hub платформасы аркылуу жогорку окуу жайлар аралык кызматташууну чыңдоо, биргелешкен илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана билим берүү жаатындагы потенциалды жогорулатуу.
Asia Hub Мичиган мамлекеттик университети жетектеген регионалдык жана глобалдык кызматташуу платформасы болуп саналат. Азыркы учурда борбордун курамында Азиянын 13 өлкөсүнөн 30дан ашуун жогорку окуу жай жана эл аралык уюмдар өнөктөш болуп иш алып барууда. Бул платформа интеграцияланган изилдөөлөрдү, жаңыланган академиялык программаларды жана глобалдык маселелерди – өзгөчө айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, суу жана энергетика тармактарында – чогуу чечүүгө багытталган кызматташтыкты илгерилетет.
Жолугушууда тараптар Азия өлкөлөрүндөгү өнөктөш университеттер менен академиялык байланыштарды түзүү, окутуучулар менен студенттердин мобилдүүлүгүн камсыз кылуу жана табигый илимдер тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.