Blog Image

КМУ “Бабалардын баскан жолу – урпактарга улуу мурас” аталышында эл аралык семинар-көргөзмөсүн өткөрүүдө

Бүгүн, 28-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети “Бабалардын баскан жолу – урпактарга улуу мурас” аталышында эл аралык семинар-көргөзмөсүн өткөрүүдө.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" Жарлыгынын жана И. Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгынын алкагында уюштурулуп, ага КРнын Президентинин Администрациясынын стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, журналист, публицист Жамбы Жусубалиева, КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышууда. Иш-чара “Ololo” коворкинг-борборунда өтүүдө.

Иш-чара М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулду.