Blog Image

КМУ “Бабалардын баскан жолу – урпактарга улуу мурас” аталышында эл аралык семинар-көргөзмөсүн өткөрдү

Бүгүн, 28-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган “Бабалардын баскан жолу – урпактарга улуу мурас” аталышында эл аралык семинар-көргөзмөсү “Ololo” коворкинг-борборунда өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" Жарлыгынын жана И. Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгынын алкагында уюштурулуп, ага КРнын Президентинин Администрациясынын стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, журналист, публицист Жамбы Жусубалиева, КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Казакстандын "Жетiсу" өлкөтаануучулар борбору” коомдук бирикмесинин директору Кажет Андас - “Кыргыз-казак маданий мамилелери”, эл аралык журналист Акчолпон Койчиева - “Эл аралык улуттук идеология”, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Гүлзада Станалиева - “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө айрым маселелер”, Улуттук тарых музейинин сектор башчысы Назира Момунбаева - “Улуттук кийимдер – улуттук маданияттын үлгүсү” аталышында баяндамаларды жасады.

Ошондой эле, “Бабалардын баскан жолу – урпактарга улуу мурас” аталышында архивдик фото-фоно материалдардын көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Гульнара Усенгазиева жана Казакстан Республикасынын "Жетiсу" өлкөтаануучулар борбору” коомдук бирикмесинин директору Кажет Андас эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтык келишимине кол коюшту.

Иш-чара М.Р.Рахимова атындагы ККББИ тарабынан уюштурулду.