Blog Image

КМУ «Билим-стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги тарабынан аккредитация жактырылып 5 жылга сунушталды

21, 22-май күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Жогорку кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо максатында «Билим-стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясы өз ишин жүргүздү.

КМУну аккредитациялоодо бул уюмдун билим берүү ишмердүүлүгүнүн белгиленген мамлекеттик стандарттарга шайкештигин тастыктоо процедурасы болду.

«Билим-стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясынын максаты – Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети белгиленген талаптарга жооп берерин ырастоо болгон.

Анда, «Билим-стандарт» ККААнын тышкы эксперттик комиссиясы тарабынан ЖОЖдун документтерин текшерүү, студенттердин билим деңгээлин жана окутуунун сапатын баалоо каралган.

Жыйынтыгында, И.Арабаев атындагы КМУда аккредитация жактырылып 5 жылга сунушталды.

Белгилей кетсек, бул иш-чаранын университет үчүн мааниси - мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду берүүгө, мамлекеттик программаларга катышууга, каржылоого мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, студенттер үчүн - билим берүүнүн сапатына, магистратурада, аспирантурада, докторантурада окуусун улантуу мүмкүнчүлүгүнө, ошондой эле мамлекеттик мекемелерге ишке орношууга кепилдик берет.