Blog Image

КМУ бош орундар жана кесиптердин жарманкесине катышты

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда бош орундар жана кесиптердин жарманкеси өттү. Ага Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети да катышты. Жарманкеде 6 миңден ашык бош орундар боюнча маалымат көрсөтүлдү. Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чарага жумуш берүүчүлөр менен жумуш издеген жарандардын башын бир жерге бириктирет. Ошондой эле жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүчү аянтча болуп саналат.