КМУ Дин иштери мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору менен кызматташат
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун директору Шукур Шерматов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык меморандумуна кол коюлду.
Келишимге ылайык, КМУнун Теология факультети менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору биргеликте диний жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзуп, изилдөө тармагындагы мамлекеттик иш-чараларды аткарышат.