КМУ И.Арабаев атындагы №102 орто мектебинде педагогикалык декада өткөрдү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун педагогика кафедрасы Бишкек шаарынын И.Арабаев атындагы № 102 орто мектебинде педагогикалык декада өткөрүштү.
Декаданын ачылышында И.Арабаев атындагы №102 орто мектебинин директору Рахат Дүйшөналиева жана Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева белгилүү агартуучу, саясий ишмер Ишеналы Арабаевдин аты берилген университет жана мектеп ортосундагы кызматташуу түзүлгөндүгү жана алдыда педагогика кафедрасы көпүрө болуп, мектептин мугалимдерине алдыӊкы профессор, доценттердин чыгармачыл-класстарын сунуштоо менен, азыркы күндөгү билим берүүдөгү жаӊылыктар менен тааныштыра тургандыгын баса белгилешти.
Мектеп жетекчилигинин жана мугалимдердин каалоосу боюнча агартуучунун педагогикалык мурастарын жана агартуучулук ишмердүүлүгүн тереӊ ачыктоо максатында «Ишеналы Арабаев» аттуу документалдык тасмасынан үзүндү көрсөтүлүп, педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессордун м.а. Миргүл Эсенгулова «Эшенаалы Арабаевдин агартуулук ишмердүүлүгү жана педагогикалык мурастары» темасында презентациясы сунуш кылынды.
Педагогикалык декаданын алкагында төмөнкү чыгармачыл-класстар өткөрүлдү:
- «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү» – п.и.к., доцент Калиман Джунушалиева;
- «Шалва Амонашвилинин педагогикалык концепциясы» – п.и.д., профессордун м.а. Кыялбек Акматов;
- «STEAM» мамилесинин өзгөчөлүктөрү» – п.и.к., доцент Гүлзада Карагозуева;
- «Окуучунун компетенттүүлүгүн калыптандырууда сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү технологияларын колдонуу» – п.и.к., доценттин м.а. Жылдыз Асекова;
- «Класстан тышкаркы тарбия иштерин натыйжалуу уюштуруунун жолдору» – п.и.к., доценттин м.а. Азамат Айдаров, окутуучу Жолдошбек Тилекбек уулу.
Педагогикалык декадада мектеп окуучулары «Манас» эпосун айтып, комузчулар жана окуучулар хору чыгармаларды аткарды.
Педагогикалык декаданын жыйынтыгында иш-чарага активдүү катышкан мугалимдерге сертификаттар жана ошондой эле, мектептин жана университеттин педагогдоруна ыраазычылык каттар тапшырылды.