Blog Image

КМУ Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган илимий семинар өткөрдү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Кылым кыйыры: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө 100 жыл” аталышында илимий семинар өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында архивдик фотоматериалдардын көргөзмөсү уюштурулуп, анда Кара-Кыргыз автономиялык облусунун тарыхы чагылдырылып көрсөтүлдү. Семинарга М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин директору Гүлнара Усенгазиева, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Аскарбек Иманбаев, коомдук ишмер Нурлан Кангелди жана Педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын башчысы Гүлзада Абдалиева катышты.

Семинардын жүрүшүндө, М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин Педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын башчысы Гүлзада Абдалиева “Ысык-Көл аймагынын контекстинде Кара-Кыргыз автомониялуу облусунун тарыхы”, коомдук ишмер Нурлан Кангелди “Мамлекеттүүлүк жана эс тутум” аталышында баяндама жасады.