КМУ Казакстандын Абай атындагы Жамбыл гуманитардык жогорку колледжи менен кызматташат
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык-педагогикалык колледжинин директору Токтобүбү Ашымбаева жана Казакстан Республикасынын Абай атындагы Жамбыл гуманитардык жогорку колледжинин директору Саясат Есеев онлайн жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө маданий, илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташтык келишимине кол коюшту.
Бул кызматташтык кадрларды даярдоо жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн керектөөлөрдү канааттандырууга багытталган билим берүү, илим, кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатында кызматташуунун келечектүү багыттарын өнүктүрүү жана академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу боюнча кызматташууну көздөйт.